Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:36

“Учур” гезитинин иши боюнча иш козголо элек


Учурда буга байланыштуу иликтөө иштери жүрүп жатканын “Азаттыкка” Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыктын басма-сөз кызматынан кабарлады. Маалыматка караганда, иликтөөдө административдик же дагы башка иш козгогонго негиздер болгондо гана тыянак чыгарылат.

Кечээ, 25-мартта “Учур” гезиттин баш редактору Асланбек Сартбаев "эртең менен иш күн башталган кезде “Жоомарт” кымылынын лидери Нурлан Мотуев редакцияга келип, төрт компьютерди талкалап кетти" деп билдирген эле. Анын себебин баш редактор гезиттин бүгүнкү санына жарыяланган материал менен байланыштырган.

Нурлан Мотуев “Учур” гезитинин эки компьютерин талкалап салганын "Азаттыкка" өзү да тастыктап, "Учур" Кубанычбек Апас дегенди сүйлөттүрүп, жалган жалаа жаап эле, фамилиям популярдуу болгондугу үчүнбү, жөн сүйлөбөй каралашат дайыма. Анан булар анын айткан дегенин бүт ошол боюнча берип туруп, ылдый жагына псевдоним коюп коюптур Акыл Бактыбеков деген. Мен барсам мындай журналист жок экен. Кыжырым келип туруп, билбесеңер жазбай жүргүлө, колу-бутуңарды сындырып коем, ал аңгычакты техникаңар сынып турсун деп эки компьютерин жерге чаап салганым чын, чындык бул”, - деп айткан эле. (КЕ)

XS
SM
MD
LG