Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:33

К+ каналы – “Азаттыктын” жаңы сыналгы шериги


Урматтуу "Азаттыктын" угармандары жана көрөрмандары!

Биздин апталык “Азаттык+” жана “Ыңгайсыз суроолор" сыналгы берүүлөрүбүз мындан ары К+ сателлит сыналгы каналынан Евразия мейкиндигине чыгат.

Жасалма жандоочу аркылуу чыгып жаткан К+ сыналгы каналынан “Азаттыктын” жаңы сыналгы берүүлөрүн ар аптанын ишемби күндөрү Бишкек убактысы боюнча кечки саат 9да көрө аласыздар.

27-мартта кечки саат 9да - “Азаттык+тун” дараметтүү балдарга арналган 30 мүнөттүк берүүсү обого чыгат, ага куйрук улаш эле “Ыңгайсыз суроолор” берүүсүнүн кыргыз адабиятына арналган чыгарылышы обого чыкмакчы.

Бул берүүлөр жекшемби күнү улам-улам толугу менен кайталанып турат.

К+ каналындагы "Азаттыктын" берүүлөрүнүн (Бишкек убакыты боюнча) толук жадыбалы:

Ишемби күндөрү – “Азаттык+” жана “Ыңгайсыз суроолор” берүүлөрү (толук варианты):

саат 21:00- 22:00де.

Жекшемби күндөрү – “Азаттык+” жана “Ыңгайсыз суроолор” берүүлөрүнүн кайталоосу (толук варианты):

саат 01:00 - 02:00;

саат 05:00 - 06:00;

саат 09:00 - 10:00;

саат 13:00 - 14:00;

саат 17:00 - 18:00.

Дүйшөмбү күндөрү –

“Азаттык+” жаштар берүүсү (кыска варианты) - саат 19:07 - 19:29.

“Ыңгайсыз суроолор” берүүсү (кыска варианты) - саат 19:37 - 19:59.

К+ сыналгы каналы обого чыгарылып жаткан жасалма жандоочулар:

1) Hotbird

Hotbird (13.0E). Жыштыгы - 11623 V. Символ тездиги - SR 27500. Катанын алдын алуу системасы - FEC - 3/4

2) Eutelsat

Eutelsat W4 (36.0E) Жыштыгы - 11727 L(H). Символ тездиги - SR 27500. Катанын алдын алуу системасы - FEC - 3/4


XS
SM
MD
LG