Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:26

Алтай жери тарых баштала электе жашаган киши калдыгын илимге тартуулады


Алтай жергеси
Алтай жергеси

Алтай жергесинде бир үңкүрдөн эскилигинен ташка айланып калган кишинин манжасын таап алышкан. Анын ДНКсын анализден өткөргөн окумуштуулар буга дейре илимде белгисиз, байыркы адамдын жаңы түрүн таптык деп жарыялашты. Небак тукуму жок болгон, ошол, адам түспөл жан Борбордук Азияда бери дегенде 48-30 миң жыл илгери жашап өткөнүн тастыкташкан.

Тоолуу Алтайдын бир үңкүрүнөн табылган чыпалак иликтей келгенде, болжол менен алганда беш-жети жаштагы кыз баланын чыпалагы болуп чыккан. Аны 2008-жылы археологдор таап алышкан. Анын ДНК түзүлүшүн изилдеп көрмөк болуп Германияга жиберишкен.

Аны мыктылап иликтөөгө алгыдай аспаптар Лейпциг шаарындагы эмбриологиялык эволюция институтунда болгондуктан ошоякка жиберишкен. Аны бир нече өлкөлөр илимпоздору биргелеше анализден өткөрүшкөн. Алардын ой бүтүмүндө, Алтайдан табылган кыздын чыпалак ДНКсы азыр жашап аткан адамдар ДНКсына такыр окшобой туруп алган. Андан мурда жашаган неандерталдарга да окшобой койгон.

Чыпалактын ДНК түзүлүшүн «окуп» чыгышкан соң окумуштуулар ооздору ачылып калган. Мурда эч бир жолу жолукпаган адам баласынын ДНК түзүлүшү эле. Ошондо ката кетип жүрбөсүн дешип, чыпалактын ДНК түзүлүшүн 150 жолу кайта-кайта «окуп» чыгышкан.

Орусиялык илимдер академиясынын этнография жана археология институтунун эксперти Михаил Шуньков айтымында:

- Колдо бар материалга караганда, бул адам, шарттуу түрдө аны алтайлык киши деп коелу, ал ата-теги жагынан неандерталга да, азыркы дүйнөдө жашап аткан адам түспөлүнө да окшобойт. Бул кандайдыр бир акыры барып жок болгон бутакты түзүп тургандай.

Үңкүрдөн чыпалагы табылган кыз бала, болжол менен алганда 30-40 миң жыл мурда жашаганы аныкталган.

Лондондогу табыят тарыхы музейинин эксперти, профессор Крис Стингер баамында:

- Буга дейре түшүнүксүз келаткан Борбордук жана Чыгыш Азияда адам баласынын эволюциялык жолу тууралуу ойлорго бул такыр башка көз караш жаратат.

Журналист Лейла Ахмедованын айтымында:

- Алтайлык киши неандарталдыктар жана хомосапинестен эки эсеге улуу. Ошого карабай үчөөнүн тең түпкү тектери бир – африкалыктар экени айкын болгон.

Окумуштуулар илимде «Икс аял» деп атай башташкан алтайлык кыздын Сибирге келип калышы боюнча, мындан 2 миллионго чукул жыл мурда Африкадан Азияга ооп келишкен хомо эректус тармагына алып келип такашууда. Ошол себептен тарых баштала электе калыпка түшкөн «Икс аял» эволюциясы илимде белгисиз бойдон кала берген дешүүдө.

XS
SM
MD
LG