Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:55

Кыргызстан Анжиян окуясында жабыркагандарга жардам берген


Бул тууралуу “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун башчысы Азиза Абдирасулова "Азаттыкка" Анжиянда өзбек саясий туткуну Дилорам Абдукадырованын камалышын комментарийлеп жатып билдирди. Анын айтымында, Анжиян окуясында запкы жеп биринчилерден болуп качып келгендерди Кыргызстан өз аймагына батырган. Бириккен Улуттар Уюмунун жардамы менен алар Румынияга жөнөтүлгөн. Бирок 400-500дөй гана адам башпаанек алганга үлгүрдү, калгандары Анжиянда калып эмкиче запкы жеп жатат, дейт А. Абдирасулова. Укук коргоочу өз өлкөсүнө кайтып келген саясий туткунга мамлекет кийин ал түрмөгө камалбайт, деп кепилдик бериши керектигин айтат. Саясий туткун алданып калышы ыктымалдыгын жокко чыгарбайт. Д. Абдукадырова 2005-жылы майда Анжияндагы кандуу окуядан кийин өлкөсүнөн качып кетип Австралияда жашап жаткан эле. Анжиянда калган төрт баласы менен жолдошуна келгенде 12-мартта камакка алынган. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG