Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:26

Өзбекстан тажик поездерин өткөрө баштады


Өзбекстанда токтотулган бир миңдей вагондун 150 чактысы Тажикстандын аймагына өткөндүгүн тажик темир жол кызматтары билдирди. "Азаттыктын" Тажик кызматы кабарлагандай, бул вагондордо Тажикстандын Талко алюминий ишканасы үчүн иштетилбеген алюминий, Ронгун ГЭСине керектөөчү курулуш материалдары, күйүүчү май, Ооганстандагы эл аралык аскерлер үчүн согуштук эмес жүктөр бар. Өзбекстан вагондордун кармалышын техникалык көйгөйлөр, аба ырайынын бузулушу жана каттамдардын көбөйүп кеткендиги менен түшүндүргөн.

XS
SM
MD
LG