Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:43

Кыргызстанга БУУнун баш катчысы келет


Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрага орун басары Кубанычбек Исабеков 26-март күнү парламент отуруму учурунда билдирди. К.Исабековдун айтымында, Бириккен улуттар уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун 3-апрелде Жогорку Кеңеште сөз сүйлөмөкчү.

Пан Ги Мун БУУнун сегизинчи баш катчысы болуп саналат. Бул кызматка ал 2006-жылдын 14-октябрында шайланып, 2007-жылдын 1-январынан тарта мурдагы баш катчы Кофи Аннандын ордуна ырасмий түрдө кызматка киришкен. (IJz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG