Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:18

Ирак: Малики Аллави менен сүйлөшүүгө барбайт


Ирактын премьер-министри Нури ал-Маликинин маалымат катчысы билдиргенине караганда, бийликтеги коалиция Маликинин дагы бир мөөнөт өкмөттү башкаруусун каалайт. Хажим ал-Хоснинин айтымында, коалиция Нури Ал-Маликини эмки өкмөттү жетектөөгө жападан жалгыз талапкер кылып көргөзүүнү көздөйт. Анын алдында Малики өзгөчө Багдад жана Мосул шаарларында бурмалоолор орун алганын ырастап, соттон бюллетендерди колго санап чыгуу өтүнүчү менен кайрылуу ниетин билдирген. Ал ошондой эле мурдагы премьер Аяд Аллави менен сүйлөшүү мүмкүнчүлүгүн четке каккан. 7-март күнкү шайлоонун жыйынтыктарына ылайык, Аллавинин блогуна 2 орунга көбүрөөк тийиши ыктымал.

XS
SM
MD
LG