Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:04

Нарында өкмөт башчынын эл менен жолугушуусу башталды


Беш миңге чукул киши катышкан жолугушууну губернатор Алмаз Акматалиев ачып, облустун социалдык-экономикалык абалы тууралуу маалымат берүүдө. Бул тууралуу “Азаттыктын” Нарындагы кабарчысы билдирди. Бүгүн премьер-министр Данияр Үсөнов баш болгон энергетика министри Ильяз Давыдов, айыл чарба министри Искендербек Айдаралиев, жаратылыш ресурстары министри Капар Курманалиев, билим берүү жана илим министринин орун басары Үмүтхан Тыналиева жана Жогорку Кеңештин депутаттары Нарын эли менен жолугушканы барышкан. (AJ)

XS
SM
MD
LG