Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:44

Президент К.Бакиев ЖККУнун баш катчысын кабыл алды


Бүгүн президент Курманбек Бакиев Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) баш катчысы Николай Бордюжаны кабыл алды. Жолугушуу учурунда Н.Бордюжа мамлекет башчысына Россия Федерациясында ушул жылдын июнь айында өтө турган ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына болгон даярдыктардын жүрүшү туурасында маалымдады. Ошондой эле аталган кеңештин буга чейинки кабыл алган чечимдеринин ишке ашырылышы, Бишкекте түштөн кийин өтө турган тегерек үстөлдүн максаты жана милдеттери туурасында айтып берди.

Н.Бордюжанын белгилешинче, тегерек үстөл “ЖККУ Борбордук Азия аймагындагы туруктуулуктун жана коопсуздуктун фактору катары” деген темада өтөт. Бул иш-чараны Президенттин коргонуу, коопсуздук жана укуктук тартип маселелери боюнча Мамлекеттик кеңешчисинин кызматы, ЖККУнун Катчылыгы жана "ЖККУ институту” коммерциялык эмес уюму менен биргеликте уюштурууда. Ушундай эле тегерек үстөлдөр Арменияда, Тажикстанда да өткөрүлгөн. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. (AJ)

XS
SM
MD
LG