Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:30

“Ак шумкар” Ынтымак курултайына саясий баа берди


Өлкө калкынын негизги көйгөйлөрү жылуулукка жана электр кубатына баанын ченемсиз көтөрүлүшү, Конституциялык реформадагы башаламандык, мамлекеттик жооптуу кызматтарга президенттин үй-бүлөсүнүн ыксыз тартылышы, “Түндүкэлектр” менен “Кыргызтелекомдун” мыйзамсыз менчиктештирилиши, мурдагы коргоо министри И.Исаковдун адилетсиз күнөөлөнүшү, Балыкчы, Петровка окуяларындагы калыссыздык сыяктуу маселелерге Ынтымак курултайында так жооп айтылбаганы бийликтин көпчүлүктүн көйгөйүн четке кагуусу катары белгиленген.
Ошондой эле Ынтымак курултайында президенттин “кеңешме демократия” дегени дүйнөдөгү цивилизациялуу багытта калыптанган шайлоо, тандоо жолу эмес, демократиянын таптакыр башка түрүн сунуштап жатканы түшүнүксүздүгү айтылган. Муну менен бийлик тар чөйрөдө бардык ишти өз билгендериндей бүтүргүсү келген Ынтымак курултайы жана Президенттик кеңешме аркылуу элге таңуулап жатат деп сынга алган.
“Ак шумкар” партиясы бүгүн Кыргызстан оор абалда, өтө кооптуу учурга кептелди деп эсептеп, чыныгы демократия үчүн күрөшөрүн билдирген. (AJ)

XS
SM
MD
LG