Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:34

Чек арада атылган октон Сузактын бир тургуну каза тапты


Жалал-Абад гарнизонунун аскер прокуратурасы Сузактагы кыргыз-өзбек чек ара бекетинде катталган ок атуу окуясын изилдөөдө. 28-мартта кечке жуук өзбекстандык аял мамлекеттик чек араны бузуп өтүүгө аракет кылган. Чек ара кызматынын маалымат кызматы аялдын кыргызстандык туугандары чек арачыларга асылып, курал-жарактарын тартып алууга аракет кылганын билдирди. Эскертүү иретинде асманга чыгарылган окко эч ким маани берген эмес. Андан кийин атылган ок эки адамга тийген. Ичине ок тийген Тешебаев Назимжан райондук ооруканада каза тапты. Бутунан жараат алып, ооруканада жаткан Лабижан Тешебаев курал-жарак тартып алууга аракет жасалбаганын, чек арадан өтүүдө мурда тоскоолдук болбогонун билдирди. (YA)

XS
SM
MD
LG