Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:00

Ош шаардык ооруканасынын мурдагы жетекчилиги мамлекетке ири зыян келтирген деп айыпталууда


Бул туурасында кабарлаган Каржы полициясы кызматынын маалымат борборунун билдиришинче, аталган мамлекеттик органдын Ош шаардык башкармалыгына түштүк борборундагы оорукананын эмгек жамааты даттанышкан. Арызды теркшерүүнүн жүрүшүндө эмеректерди сатып алуу үчүн бюджеттен бөлүнгөн 5 миллион сомдун 2 миллиону жиксиз жок болгондугу аныкталган. Көз карандысыз эксперттер ооруканага эмеректер көтөрүлгөн баада сатылып, ортолукта мамлекетке эки миллион сомдук зыян келтирилгендигин ырастады. Учурда мекеменин мурунку жетекчилери суракка чакырылып, териштирүү башталды.

Ош шаардык ооруканасынын азыркы башкы дарыгери Айнура Абдуллаева бул окуяга тиешеси жоктугун белгилеп, мекемедеги каржылык тартип бузуулар туурасында маалымат берүүдөн баш тартты. (ATo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG