Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:28

Израил Палестин лидери Махмуд Аббасты күнөөлөдү


Израилдин тышкы иштер министри Авигдор Либермандын билдиришинче, Палестина автономиясынын президенти Махмуд Аббас ХАМАСты Газадагы бийликтен кулатууну өтүнгөн. Бирок кийин Израилди Газада согуштук кылмыш жасады деп күнөөлөгөн. Аббастын жардамчыларды Либермандын сөзүн калпка чыгарды жана Израилдин оңчул өкмөтүн АКШ кызуу колдогон тынчтык сүйлөшүүлөрүн болтурбоого аракет кылууда деп күнөөлөдү. ХАМАС кыймылы мурда эле Махмуд Аббасты 2009-жылдын башында Израил армиясынын Газадагы үч апталык чабуулун колдоду деп айыпташкан болчу.

XS
SM
MD
LG