Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:35

Эл аралык коомчулук Москва метросундагы террорчулукту айыптады


Москва метросунда болгон эки жардыруудан кеминде 38 кишинин каны төгүлдү. Эртең менен эл жумушка шашып бараткан тушта “Люблянка” жана “Парк Культуры” станцияларында жанкечти аялдар жардырган бомбадан дагы 64 адам жарадар болду. Федералдык коопсуздук кызматынын башчысы Александр Бортников жанкечтилер Түндүк Кавказдан болушу мүмкүн деген божомолду айтты.

Президент Дмитрий Медведев коопсуздук кызматтарынын шашылыш өткөн жыйынында транспорт тармагында коопсуздук чараларын күчөтүүнү буйруду жана чабуулга мындай мүнөдөмө берди:

-Азыр кыраакы болуу зарыл. Мындай чабуулдар, тилекке каршы, дайыма жакшылап даярдалып, массалык жок кылууга багытталган жана өлкөнү, ошондой эле коомду дестабилдештирүүгө багытталат.

Эл аралык коомчулук Москва метросундагы террордук чабуулду айыптады.

Бир да уюм чабуул үчүн жоопкерчиликти өзүнө ала элек.

Москвадагы кыргыз элчиси Раимкул Аттокуров жабыркагандар арасында кыргызстандыктар жок экенин маалымдады.

Президент Курманбек Бакиев президент Медведевге көңүл айтуу телеграммасын жолдоп, Кыргызстан террорчуларга каршы бардык аракеттерди колдоого даяр экенин билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG