Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:53

Тажикстан Өзбекстанды жандай өткөн темир жол курууга чамынууда


Тажик өкмөтү Ташкенге көз каранды болбоо үчүн Өзбекстанга кирбей Ооганстан аркылуу өтчү темир жол курууну сунуш кылды. Тажикстандын транспорт министри Олим Бобоевдин “Азаттыктын” Тажик кызматына айтышынча, Дүйшөмбү Түркмөнстандан Түндүк Ооганстан аркылуу Тажикстанга келген 250 чакырымдык темир жолду курушу ыктымал.

Ырасмий Дүйшөмбү өткөн жумада Өзбекстанды Тажикстанга жана Ооганстанга күйүүчү май, курулуш материалдары жана башка товарларды тартып бараткан миңден ашуун жүк тартуучу машинени чек арадан өткөрбөй кармап жатат деп күнөөлөгөн.

Өзбекстандын Дүйшөмбүдөгү элчиси Шакасым Шойисламов айыптоону четке кагып, “машинелер техникалык себептен кармалууда” деп билдирген.

XS
SM
MD
LG