Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:05

Казак журналисттери бийликти Интернет мыйзамын тактоого чакырууда


“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун казак кызматынын маалыматына караганда, жергиликтүү журналисттер өлкө бийликтерин “бузуку” деп аталган интернет сайттарды аныктоонун критерийлерин түшүндүрүп берүүгө чакырууда. Массалык маалымат каражаттарын коргоо боюнча “Адил сөз” деп аталган уюмдун төрөайымы Тамара Калеева дүйшөмбү күнкү басма сөз жыйында билдиргендей, аталган чакырык казак журналисттеринин башын бириктирген бир нече уюмдун атынан өкмөткө жолдонгон ачык катта айтылган.

Былтыр августа Казакстанда Интернет сайттардын баарын салттуу маалымат каражаттарына теңештирген мыйзам кабыл алынган болчу. Ошол мыйзамга ылайык жакында уюшулган өкмөттүк мекеменин жарыясына караганда, ал мазмууну “бузуку” деп эсептелген сайттарды аныктоо ишин баштады.

“Адил сөз” уюмунун төрайымы Калееванын айтымында, Интернеттеги жаңылык порталдардын ээлери, модераторлору, редакторлору үчүн жаңы мекеме мазмуунду аныктоодо кандай критерийерди жана методиканы колдоноору беймаалым. Ал белгилегендей, тактыктын жоктугу сөз эркиндигине коркунуч туудурууда. Анткени эркин диалог жана ачыктык жок шартта, мамлекеттик органдар мыйзамсыздыкка баруусу мүмкүн.(UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG