Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:07

ФСБ: Террордун изи Түндүк Кавказдан табылат


Жардыруулар Москванын метросунун "Лубянка" жана "Парк культуры" станцияларында болду
Жардыруулар Москванын метросунун "Лубянка" жана "Парк культуры" станцияларында болду

Кечээ эрте менен Москванын метросунда эки жерде жардыруу болду. Кеминде 38 адам мүрт кетти, 64 киши жаракат алды. Орусиянын бийликтери терактты Түндүк Кавказдагы жикчилер менен байланышы бар эки аял-жанкечти жасаганын айтышууда. Москванын метросунда ушундай эле жардыруу акыркы жолу алты жыл мурда болгон эле.

Дүйшөмбү. Эрте мененки саат сегизге чамалап калган. Элдин баары жумушка шашып, метро адамга жык толгон учур эле. Адатта бул убакта Москвада жарым миллиондой адам метрого түшөт. Анан өлкөнүн Федералдык коопсуздук кызматы – ФСБ – жайгашкан Лубянка метро станциясында поезд токтогон учурда жанкечти өзүн жардырып жиберди...

Арадан жарым сааттай өтүп-өтпөй шаардын борборундагы дагы бир станцияда – Парк культуры метро станциясында - экинчи бомба жарылып кетти.

Бийликтер заматта муну “террор актысы” деп аташты. ФСБнын башчысы Александр Бортников президент Дмитрий Медведевге отчет берип жатып, теракттын изи Түндүк Кавказдан табылат, деди.

“Биз муну Түндүк Кавказ менен байланыштагы террор топтору жасаган болуш керек деп жатабыз, - деди Бортников. - Бул – алдын ала айтылып негизги жаткан версия”.

Президент Медведев болсо өлкө боюнча коомдук транспортто коопсуздукту күчөтүүнү буйруп, терроризм менен күрөш күчөтүлөөрүнө ишендирди.

“Терроризм менен күрөш улантылат. Биз террористтерге каршы күрөштү күчөтүп, аягына чейин чыгарабыз”, - деп убада кылды Медведев. Президент ушул эле күнү кечинде Лубянка станциясында жардыруу болгон жерге келип, гүл чамбарын койду.

Террористтерге каршы күрөш күчөтүлөөрүн бул күнү орус өкмөтүнүн башчысы Владимир Путин да айтты.

“Укук коргоо органдары террористтерди сөзсүз таап, жазалайт деп ишенем. Террористтер жок кылынат”, - деди В.Путин.

Азырынча бир да топ соңку жардыруулар боюнча жоопкерчиликти өзүнө ала элек.

Kavkazcenter.com деп аталган интернет баракчасын көбүнчө чечен сепаратисттери колдонуп жүрүшөт. Ал сайт метродогу жардыруулардын артында Орусиянын коопсуздук кызматтары турат деп жазды. Макалада айтылгандай, Орусияда Путинге каршы оппозиция күчөгөндүктөн, азыркы режим бүт бийликти кайра колго алыш үчүн ушундай аракетке барды. “Анонимдик терроризм”, макалада жазылгандай, Путиндин режиминин символу болуп калчудай.

Эларалык коомчулук Москвадагы жардырууларды кескин айыптаган билдирүүлөрүн жиберип жатат.

АКШнын президенти Барак Обама, Еврокомиссиянын президенти Жозе Мануэл Баррозо “Орусиянын терроризмге каршы күрөшүн колдой тургандыктарын” билдиришти. НАТОнун баш-катчысы Андерс Фог Расмуссен бейкүнөө адамдардын өлүмүнө алып келчү чабуулдар кечирилбей турганын айтып, “Альянс Орусиянын терроризмге каршы күрөшүн толугу менен колдойт жана жардам берүүгө даяр” деди.

Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиев да ошол эле күнү орус президентине көңүл айткан телеграммасын жолдоду. “Соңку трагедиялуу окуялар Шанхай кызматташтык уюму менен Жамааттык коопсуздук жана кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин терроризмге каршы күрөштү күчөтүү тууралуу чечими туура экенин айгиниледи”, - деп айтылат анда.

Акыркы жолу Москванын метросунда жардыруу 2004-жылдын августунда болгон эле. “Рижская” станциясындагы жардыруудан 10 адам мүрт кеткен. Ошол эле жылдын февралындагы “Павелецкая” станциясындагы жардыруудан 40 адам набыт болгон, 130 киши жаракат алган.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG