Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:26

Нарын: жайыт жана суу көйгөйлөрү боюнча элдик жыйын өтөт


Апрелде Нарында жайыт комитеттеринин жана суу керектөөчүлөр биримдигинин өкүлдөрү жыйынга чогулат. Бул тууралуу өкмөт башчы Данияр Үсөнов кечээ Нарында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолугушууда билдирди. Пермьер-министр акимдерди жана айыл өкмөттөрүн өлкө жетекчилиги жасап жаткан иштер тууралуу элге толук маалымат беришпейт, деп сынга алды. Кечээ Нарын эли өкмөт башчы менен жолугуп, Данияр Үсөновдон алган жоопторго канааттанбай тарап кетишти. Өкмөттүн энергетика саясаты боюнча аймакта 7-апрелде дагы ири нааразылык акция өткөнү жатат. Президент Курманбек Бакиев 27-мартта тарифтердин көтөрүлгөнүнө байланыштуу бийик тоолуу, алыс барууга кыйын аймактарда жана чек арадагы райондордо жашагандарда социалдык жактан колдоо тууралуу жардыкка кол койгон. Бирок мамлекеттик колдоо кандай жүрөрү азырынча аныктала элек. (EBM)

XS
SM
MD
LG