Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:37

Кыргызстанга Словакиянын президенти келет


Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда 31-мартта Кыргызстанга расмий иш сапары менен Словакиянын президенти Иван Гашпарович келет. Иш сапары учурунда өлкө башчысы Курманбек Бакиев президент Иван Гашпарович тар курамда, андан соң Кыргызстандын өкүлдөрү менен Словакиянын расмий делегациясынын мүчөлөрүнүн катышуусунда өтө турган кеңейтилген курамда сүйлөшүүлөрдү өткөрүүсү күтүлүүдө.

Сүйлөшүүлөр учурунда Кыргызстан менен Словакиянын ортосундагы эки тараптуу мамилелердин актуалдуу маселелери жана кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечеги талкууга алынмакчы.
Иш сапарынын жыйынтыгы боюнча тиешелүү корутунду документке кол коюлмакчы. (AJ)

XS
SM
MD
LG