Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:25

“Азаттыкты” коргоо кыймылынын жетекчиси пикетте турат


Акыйкатчы институтунун алдында пикет уюштурган аталган кыймылдын жетекчиси Өндүрүш Токтонасыров “Азаттык үналгысы уктурулсун”, “Сөз эркиндиги кайда?” деген палакаттарды көтөрүп турат. Акыйкатчынын аппарат жетекчиси Молдакун Абдылдаев Ө.Токтонасыров менен жолугушуп Акыйкатчы институту "Азаттыктын" уктурулбай жатышына тынчсыздануусун билдирип президенттин катчылыгына кайрылганын айтты. Ал ошондой эле Акыйкатчы Турсунбек Акун Петровка окуясы боюнча сотко кеткендигин маалымдады. Бул тууралуу кабарчыбыз билдирди.

Ө.Токтонасыров бийликтен “Азаттык” үналгысын УТРК аркылуу жалпы өлкө аймагында уктурууну, “Азаттыктын” теледолбоорлорун Улуттук биринчи каналдан көрсөтүүнү талап кылып, адам укуктарына жана сөз эркиндигине Акыйкатчы институтун көңүл бурууга чакырууда. (AJ)

XS
SM
MD
LG