Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:55

К.Бакиев Люксембургдун министрин кабыл алды


Президенттин маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, бүгүн президент Курманбек Бакиев Люксембургдун вице-премьер-министри жана тышкы иштер министри Жан Ассельборнду кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө Курманбек Бакиев Кыргызстан менен кызматташууга болгон ынтызарлык үчүн ыраазычылыгын билдирип, бул - өлкөлөр ортосунда дипломатиялык мамилелер түзүлгөндөн тартып алгачкы ирет болуп жаткан жогорку деңгээлдеги иш сапар экендигин белгиледи. Өз кезегинде Ж.Ассельборн мырза Люксембургдун Кыргызстан менен кызматташууну бекемдөөгө кызыкдарлыгын белгиледи. Жолугушуу учурунда эл аралык турмуштун актуалдуу маселелеринин тегерегинде пикир алмашуу болду, ошондой эле Кыргызстан менен Люксембургдун ортосундагы мамилелерди кеңейтүү жана бекемдөө жолдору талкууга алынды. (AiT)






XS
SM
MD
LG