Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:44

Обама Иранга каршы санкциялар ушул жазда киргизилет деп ишенет


Президент Барак Обама Улуттар уюмунун Иранга каршы жаңы санкциялары эң жакынкы арада киргизилет деп үмүттөнөт. Шейшембиде Ак Үйдө француз президенти Николя Саркози менен жолугушуудан кийин Обама АКШ калган шериктери менен биргелешип БУУнун буга чейинки резолюцияларын аткарбай аткан Иранды жазалоо чаралары боюнча мунаса табууга аракеттенүүдө деп билдирди:

- Бул иштин өтөлүнө ушул жазда чыгабыз деп ишенем. Санкциялар режимин киргизүү үчүн бир нече ай күтүүгө кызыкдар эмесмин. Алардын бир нече аптанын ичинде киргизилишин каалаймын.

АКШ президентинин айтымында, Ирандын атомдук куралга ээ болушу кабыл алынаарлык эмес, Тегеран сүйлөшүүлөргө көнсө, маселе дипломатиялык жол менен жөнгө салынышы мүмкүн. Саркози болсо Иран боюнча чечим кабыл алууга убакыт келди деп айтты.
Тегеран тынчтык максаттардагы атомдук программасына жабынып, ядролук куралдын үстүнөн иштеп жатат деген Батыштын айыптоолорун четке кагууда.

XS
SM
MD
LG