Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:29

Түрмөлөрдө кыйноолордон жабыркагандар боюнча иликтөө чыкты


Бишкекте бүгүн Кыргызстанда экстремизм боюнча шектелип камакка алынып кыйноолорго кабылгандар боюнча иликтөөнүн бет ачары болот. Иш-чараны уюштуруучулардын маалымдашынча, анда 2008-жылы 1-октябрда Орозо айтта Ноокатта камакка алынгандардын укугу одоно бузулган бир топ фактылар аныкталган. Иликтөөнү Акыйкатчы институтунун алдында түзүлгөн комиссия жүргүзгөн. Ноокат окуясында отуздан ашуун адам камакка алынып, алар мамлекеттик түзүлүшкө шек келтирди деген айып менен абакка кесилишкен. Ички иштер министри Молдомуса Конгантиев Ынтымак курултайында Ноокатта бейкүнөө адамдардын укугу бузулду деген дооматты четке каккан. Элдик курултай 17-мартта Бишкекте өткөн. (EBM)

XS
SM
MD
LG