Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:04

Дагестандагы жарылуудан каза тапкандар саны 12 адамга жетти


Эки удаа жарылуу Орусиянын Түндүк Кавказдагы бул республикасынын Кизляр шаарында болду. Андан 12 адам каза тапкандан тышкары, 20дан ашуун киши да жаракат алган. Жарылуулардын биринчиси Ички иштер министрлигинин, Федералдык коопсуздук кызматынын жергиликтүү кеңселеринен жана мектеп имаратынан алыс эмес жерде, милициянын машинасы өтүп бара жаткан учурда болгон. Экинчи жарылууну биринчи жарылуу болгон жерге милиционерлер, жергиликтүү тургундар чогулуп калган кезде милиция формасын кийген жанкечти жасаган. Өмүрү кыйылгандардын бир нечеси милиционерлер. Арасында Кизляр шаарынын милиция башчысы да бар. Бул окуя Москванын метросунда жанкечтилер жасаган эки жардыруудан эки күндөн кийин орун алып олтурат. Орус бийликтеринин айтымында, 39 адамдын өмүрүн алган ал жардырууларды ишке ашырган эки жанкечти аялдын Түндүк Кавказдагы террордук топтор менен байланышы бар.

XS
SM
MD
LG