Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:54

“Учур” гезитинин кайрылуусу каралат


Бул тууралуу башкы прокуратуранын маалымат кызматынан бүгүн “Азаттыкка” билдиришти. “Учур” гезитинин башкы редактору Арслан Сартбаев башкы прокурор Жаныш Турсункуловго кайрылып, “Жоомарт” кыймылынын лидери Нурлан Мотуев 25-мартта “Учур” газетасынын төрт компьютерин талкалап жана журналисттерди коркутуп кетүүсү боюнча чара көрүүнү өтүнгөн. А.Сартбаевдин айтымында, Н.Мотуевдин компьютерлерди талкалоосуна жана аны ачык айрым өзү жарыялоосуна бир жума өтсө да тийиштүү чара көрүлбөй келатат. Ошондуктан мыйзамдуулукту көзөмөлдөөчү органдын жетекчиси катары бул ишке кайдыгер калбоону башкы редактор кайрылуусунда белгилеген. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG