Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:40

К.Бакиев “Манас” эпосу жөнүндө мыйзам долбоорун парламентке жолдоду


Президенттин маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, Курманбек Бакиев “Манас” эпосу жөнүндөгү мыйзам долбоорун 31-мартта Жогорку Кеңешке жөнөттү. Ал долбоордо “Манас” эпосун сактоо, өнүктүрүү жана калк арасында жайылтуу маселелери каралган. Долбоор Ынтымак курултайынын делегаттарынын сунуштарын эске алуу менен түзүлгөн. “Манас” эпосунун ЮНЕСКОдо Кытай мамлекетинин атынан катталышы Кыргызстанда нааразычылыктарды пайда кылган жана мына ошондон кийин эпосту кыргыз калкынын мурасы катары сактоо демилгеси көтөрүлгөн.(AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG