Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:42

Барак Обама АКШнын жээгинде мунай бургулоого уруксат берет


АКШ президенти бул тууралуу бүгүн Эндрюс аскер- аба базасында сүйлөгөн учурунда билдирди. Обаманын айтымында, ал бул маселени бир жылдан ашуун убакыт изилдеди жана мунай бургулоого уруксат берүү жумушчу орундарды түзүп, америкалык бизнестин атаандаштыкка жөндөмүн сактоо үчүн туура чечим болот деген тыянакка келди. Мунай бургулоого уруксат Мексика булуңунун чыгышында жана Алясканын бир бөлүгүндө да берилмекчи. АКШ президентинин жогорудагыдай кадамы мындан 20 жыл мурда кабыл алынган чечимди өзгөртөт. Анда АКШнын жээктеринин Мексика булуңунан башка жерлеринде мунай бургуланышына тыюу салынган болчу.

XS
SM
MD
LG