Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:27

Бельгия паранжага тыюу салышы мүмкүн


Европада паранжа кийгендерди белине бомба байлаган жанкечтилер болушу мүмкүн деп коркушат
Европада паранжа кийгендерди белине бомба байлаган жанкечтилер болушу мүмкүн деп коркушат

Кечээ Бельгиянын парламенттеги комитети өлкөдө паранжа кийгенге тыйуу салган мыйзам долбоорун жактырды. Эми аны парламент карайт. Эгерде мыйзам күчүнө кирсе, паранжа кийген аялдар айып пул төлөп, керек болсо, түрмөгө да отуруп калышы мүмкүн.

Эгерде ал мыйзам долбоорун парламент жактырса, Белгия аялдарга паранжа кийгенге тыюу салган Европадагы биринчи мамлекет болуп калат. Парламент мыйзам долбоорун ушул апрель айынын ичинде карашы күтүлүүдө.

Мыйзамга ылайык, аялдар паранжаны коомдук жайларда – көчөдө, транспортто, мамлекеттик ишканалардын имараттарында – иши кылып, үйдөн сырткары эч жерде кийе алышпайт. Сөз паранжа эле эмес, дегеле адамдын ким экенин аныктоого мүмкүндүк бербеген бетин чүмбөттөп алчу кийимдер жөнүндө болуп жатат. Бирок буга негизинен мусулман аялдары кийчү паранжа туура келип калаары анык.

Маселенин масштабы

Парламенттин комитетине бул маселени “Реформа үчүн кыймылы” деп аталган партия сунуш этти. Партиянын лидери Даниэл Баккуелайне маселени эмне үчүн көтөрүшкөнүн мындайча түшүндүрдү.

"Өзүнүн жүзүн жашырган адам башка бирөөнүн ким экенин билүүгө акысы жок. Менимче, бул адамдын жеке наамысы менен да байланыштуу нерсе – аялдардын “паранжада камалышы” цивилизациялуу коомдо такыр кабыл алгыс нерсе", - деди партиянын жетекчиси Баккуелайне.

Айрым маалыматтарга караганда, Бельгияда жарым миллиондой мусулман жашайт. Бирок 20дай аял гана паранжа кийет деп айтылып жүрөт. Өлкөнүн айрым райондорунда бети-көзүн жашырган кийимдерге буга чейин эле тыюу салынган.

“Реформа үчүн кыймылынын” мүчөсү, депутат Денис Дюкарм – мыйзам долбоорунун авторлорунун бири: "Мыйзамды бузгандар 15-20 евро айып пул төлөөгө кийиш, же бир күндөн жети күнгө чейин түрмөгө отургузулушу мүмкүн. Жазанын кайсыл түрүн колдонууну сот чечет. Бирок эки түрү бир учурда колдонулбайт. Адам эки ирет катары менен бул боюнча соттолсо, экинчисинде камакка алынышы мүмкүн".

Цивилизациялар кагылышканда...

Бети-башын чүмбөттөп жүрүүгө тыйуу салыш керек деген талап Европада, өзгөчө Францияда, соңку жылдары тез-тез көтөрүлө баштады.

Ал жакта президент Николя Саркози паранжага каршы экенин билдирген. Бирок ушул аптанын шейшемби күнү Франциянын Мамлекеттик кеңеши бул өңдүү демилге көптөгөн сот иштеринин ачылышына себеп болушу мүмкүн деп кооптонуп жатканын билдирди. Кеңештин билдирүүсүндө айтылгандай, паранжага толук тыйуу салуу Франциясынын конституциясындагы жана Европанын адам укуктары конвенциясындагы кепилдиктерге каршы келип калышы мүмкүн.

Маселе азыр Европанын бир катар мамлекеттеринде – Голландияда, Австрияда, Данияда – көтөрүлүп жатат. Бирок азырынча бир да мамлекет буга толук тыйуу салган чечимин чыгара элек.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG