Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:40

Еврошаркет жана АКШ серб парламентинин резолюциясын кубатташты


Европа биримдиги жана Кошмо Штаттары Сербиянын Сребреница кыргыны үчүн кечирим сурашын кубатташты. 1995-жылы босниялык сербдердин куралдуу күчтөрү шаарчада 8 миңдей мусулман эркекти атып салышкан. Серб парламенти кабыл алган резолюцияда ал окуялар айыпталат. Депутаттар ошондой генерал Ратко Младичти камакка алуу керектигин колдошту. Ал БУУнун мурдагы Югославиядагы согуш кылмыштарын иликтөө боюнча трибунал тарабынан геноцид үчүн айыпталууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG