Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:35

Ак үйдүн алдында Словакия президентин тосуп алуу боюнча протоколдук иш чара өттү


Өкмөт үйүнүн алдында президент К. Бакиев менен Бишкекке расмий сапар менен келген Словакиянын президенти Иван Гашпаровичтин жолугушуу салтанаты өткөрүлдү. Бул каадалуу иш чарага Кыргызстандын биринчи айымы Татьяна Бакиева жана Словакиянын биринчи айымы Сильвия Гашпарович да катышты.

Эл аралык протоколдун тартибине ылайык, эки өлкөнүн мамлекеттик желектери көтөрүлүп, мамлекеттик гимндери жаңырды. Мамлекет башчыларынын алдында Кыргызстандын Мамлекеттик күзөт кызматынын президенттик полкунун ардактуу караулу тизилип турду.

Бул салтанаттан кийин президенттер эки тараптуу сүйлөшүулөрдү жүргүзүү үчүн Өкмөт үйүнө киришти.

XS
SM
MD
LG