Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:45

Кыргыз-словак президенттеринин сүйлөшүүсү өттү


Бүгүн Кыргызстан президенти Курманбек Бакиев менен Словакиянын мамлекет башчысы Иван Гашпаровичтин чакан чөйрөдөгү жолугушуусу өттү. Анда кыргыз-словак мамилелеринин келечегине байланышкан маселелер талкууга алынып, эл аралык турмуштун актуалдуу көйгөйлөрү боюнча пикир алмашуу болду. Өз сөзүндө президен К.Бакиев И.Гашпаровичтин бул иш-сапары эки өлкө ортосундагы кызматташуунун жанданышына жакшы негиз болуп бере алат деген оюн билдирди. Ал эми И.Гашпарович кыргыз тараптын чакыруусуна ыраазычылык билдирип, сүйлөшүүлөр жемиштүү өтөөрүнө ишеним билдирди.

Словак президенти И. Гашпарович Кыргызстанга расмий иш-сапары менен кечээ кечинде келген. (AiJu)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG