Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:46

Орусияда Москва метросундагы жардыруунун курмандыктарын акыркы сапарга узатышууда


Ушул дүйшөмбү күнү шаардын метросунда болгон эки жарылуудан 39 адамдын өмүрү кыйылган эле. Интернетте исламчылардын сайтына коюлган видеодо кол салуу үчүн чечен козголоңчуларынын лидери Доку Умаров жоопкерчилик алды. Умаровдун ырастоосунда, жанкечтилер жасаган эки жардыруу орус коопсуздук күчтөрүнүн чечендерге каршы жасаган кылмыштары үчүн жооп болду. Ал ошондой эле кол салуулар уланарын да эскертти.

Кечээ Дагестандын Кизляр шаарында да жанкечтилер жасаган эки жардыруудан12 адам мерт болгон. Орус өкмөт башчысы Владимир Путиндин билдиргенине караганда, Москва менен Кизлярдагы жардырууларды жалгыз топ турушу мүмкүн.

Бул аралыкта бүгүн Дагестанда автоунаанын жарылуусунан эки адам мерт болду. Маалымат агенттиктери коопсуздук күчтөрүнүн өкүлдөрүнө шилтеме жасап кабарлашкандай, автоунаанын ичинде турган жардыруучу зат капыстан жарылып кеткендей.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG