Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:12

Кыргызстанда жабылган гезиттердин катарына жаңы басылма кошулду


Оппозициячыл маанайдагы басылмалардын бири - “Форум” гезитинин баш редактору Рыскелди Момбековдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, Бишкектин Октябрь райондук сотунун гезиттин ишин токтотуу жөнүндөгү аныктамасын редакция бүгүн алды. Соттун жогорудагыдай чечим чыгаруусуна, баш редактордун айтымында, Октябрь районунун прокурору Гүлнара Суталинованын доо арызы негиз берген. Рыскелди Момбеков белгилегендей, райондук прокуратура басылманын өткөн аптадагы санында жарыяланган макалалардын бирин (“Ата журт кыйын күнгө кабылганда, айлансын ар бир уулуң чагылганга”) бийликти Конституциялык жол менен эмес өзгөртүүгө чакырык катары баалаган. “Форум” гезити боюнча сотко арыз бергенин бүгүн “Азаттыктын” кабарчысына прокурор Гүлнара Суталинованын өзү да ырастады. “Форум” - Кыргызстанда сот чечими менен акыркы бир айга жетпеген убакыт ичинде жабылган оппозициячыл маанайдангы баслмалардын үчүнчүсү. Өткөн айдын орто ченинде Башкы прокуратуранын арызынын негизинде “Ачык саясат” жана “Назар” гезиттеринин иши токтотулган. (UE)

XS
SM
MD
LG