Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:52

Каржы полициясы "Стан" телекомпаниясын текшерүүдө


Бишкектеги "Стан" телекомпаниясына Каржы полициясынын өкүлү, подполковник Алмаз Муйжунов келип аталган телекомпания компьютер жана башка жабдууларды лицензиясыз колдонгону үчүн деп компьютерлердин ишин токтотту. Башкы прокуратуранын мөөрү басылган Каржы полициясынын буйрук иретиндеги катында мындан тышкары телекомпания салыктарды төлөбөгөндүгү айтылат. "Стан" телекомпаниясынын ишине кийлигишүүгө нааразылык билдирип Өмүрбек Текебаев, Темир Сариев, Роза Отунбаева баштаган саясатчылар жана укук коргоочулар Бириккен Улуттар Уюмунун Бишкектеги кеңсесине кетишти. Бул тууралуу окуя болгон жерден "Азаттыктын" кабарчысы билдирди.

XS
SM
MD
LG