Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:00

Кытай Иран боюнча сүйлөшүүлөргө чакырды


Расмий Бээжиндин бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, ал Ирандын талаштуу өзөктүк программасы менен байланышкан
тирешүү “тынчтык жол менен чечилиши” үчүн ишин улантат. Өлкөнүн тышкы иштер министрлигинин өкүлү бул тууралуу АКШ менен Кытай өкмөтү Иранга каршы санкциялардын төртүнчү айлампасын киргизүү маселеси боюнча сүйлөшүүгө даярдай болуп калган учурда айтып олтурат. Бээжин олуттуу сүйлөшүүгө макул болгону жөнүндө АКШ билдирген эле. Кытай Иранга каршы жаңы санкцияларды киргизүү маселесин кароого көп көңүлдөнбөй келет. Бул аралыкта бүгүн Бээжинге Ирандын өзөктүк программа боюнча башкы сүйлөшүүчүсү Саид Жалили келди. Ал эми кытай тышкы иштер министрлигинин бүгүнкү жарыясына караганда, президент Ху Цзиньтао ушул айда өзөктүк коопсуздук маселеси боюнча Вашингтондо өтүүчү саммитке катышат. Бул жаңылык эки өлкөнүн бузулган мамилесиндеги оңолуунун белгиси болушу мүмкүн.

XS
SM
MD
LG