Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:22

Орус президенти күтүүсүздөн Түндүк Кавказга барды


Дмитрий Медведев Дагестанга жанкечтилердин кечээги эки жардыруусунан кийин барып олтурат. Кремлдин өкүлүнүн билдиргенине караганда, ал бул жерде Дагестан, Ингушетия, Чеченстандын жетекчилери менен жыйын өткөрөт. Дагестандын Кизляр шаарындагы кечээги жардыруулар учурунда 12 адамдын өмүрү кыйылды. Андан эки күн мурда Москванын метросунда эки жанкечти жасаган жардыруудан 39 киши өлгөн. Москвадагы жардыруулар үчүн чечен козголоңчуларынын лидери Доку Умаров жоопкерчилик алды жана кол салуулар уланарын эскертти. Президент Медведев менен премьер- министр Путиндин сөздөрүнө караганда, Москва менен Дагестандагы жардырууларды жалгыз топ пландаган болушу мүмкүн.

XS
SM
MD
LG