Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:42

Жаза өтөө жайлар башкармалыгынын ишмердүүлүгү комитетте каралды


Бүгүн Жогорку Кеңештин Коргонуу, коопсуздук, сот-укук маселеси жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитет Жаза өтөө жайлар башкармалыгынын ишмердүүлүгү тууралуу аталган мекеменин жетекчиси Айбек Турганбаевдин маалыматын укту.
А.Турганбаев белгилегендей өлкө аймагында 15 жатак абактарында 185 штаттык орун бар. “Совет биримдигинде өлкө аймагында 5 жатак абак бар болчу. Азыркы жатак абактардын санын кыскартуу боюнча жумушчу топ иштөөдө”,-деди А.Турганбаев. Ал ошондой эле жатак абактарында жумуш, тамак-аш менен камсыз кылууга жана жашоого шарттар жоктугу негизги көйгөй экендигин белгиледи.
Маалыматка караганда жаза мөөнөтүн өтөп жаткандардын көпчүлүгү өз алдынча жатак абактан кетип калууда. 1992-жылдан бери жатак абактардан өз алдынча кетип калган 1445 адамга издөө салынган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG