Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:14

Президент “Мунапыс жөнүндөгү” мыйзам долбоорун Жогорку Кеңешке жөнөттү


Улуу Ата-мекендик согуштун 65-жылдыгы, Элдик ыңкылаптын 5 жылдыгына карата, Биринчи Элдик курултайда айтылган абакта отурган жарандарга мунапыс берүү боюнча сунуштарын эске алып, бүгүн өлкө башчы Курманбек Бакиев “Мунапыс жөнүндөгү” мыйзам долбоорун талкуулоо үчүн Жогорку Кеңешке жөнөттү. Бул мыйзам долбооруна ылайык,
-СССРдин, Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоо боюнча аскерий салгылашууга жана Чернобыль АЭСиндеги кырсыктын кесепеттерин жоюуга катышкандар
-55 жаштан өткөн аялдар
-алтымыш жаштан өткөн эркектер
- экиден көп майып балдары бар үй-бүлөсүн жалгыз бага тургандар
-5 жылдан коп убакка алгачкы жолу кесилген 18ге чыга элек жарандар
-жеңил кылмыш жасагандар
-абактан качып кетип бирок жаза өтөө жайына өз каалоосу менен кайтып келгендер
-1-2 топтун майыптары жана онкологиялык илдетке чалдыгып, оор абалда болгондор
- мыйзам күчүнө кирген убакытта эркиндикке чыгаарына бир жыл убакыт калгандар
эркиндикке чыгарылат. Алдын ала маалыматтар боюнча, эгерде бул мыйзам долбоору кабыл алынса, анда кылмыш жообуна тартылган 6500 адам эркиндикке чыгат. Ошондой эле төрт миңден ашык кылмыш жообуна тартылган адамдга жаза өтөө убактысы кыскартылат. (AiJu)

XS
SM
MD
LG