Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:35

Ооган президенти шайлоодогу мыйзам бузуулар үчүн чет элдиктерди айыптады


Бүгүн Кабулда Ооганстандын шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү менен жолугушуу учурунда Карзай былтыркы президенттик шайлоодо көз бойомочулуктун көрүнүштөрү болгону “шексиз” экенин, бирок оогандардын буга эч тиешеси жоктугун белгиледи. Мыйзам бузууларга тиешеси бардыгы үчүн БУУнун чет элдик кызматкерлерин, Еврошаркеттин өкүлдөрүн айыптады. Күнөөлүүлөр арасынан Карзай БУУнун Ооганстандагы өкүлүнүн мурдагы орун басары Питер Гэлбрейтти жана европалык байкоочулар миссиясын баштаган француз Филипп Морионду бөлүп көргөздү. Добуштардын бир бөлүгү Карзайдын пайдасына мыйзамсыз чегерилгени тууралуу учурунда Гэлбрейт жана Евробиримдиктин байкоочулары айтып чыккан болчу.

XS
SM
MD
LG