Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:59

БУУнун соту Каражичтин арызын четке какты


Улуттар уюмунун согуш кылмыштары боюнча трибуналы Босния сербдеринин мурдагы лидери Радован Каражичтин анын үстүнөн жүрүп жаткан сотту токтото туруу жөнүндөгү арызын четке какты. Трибуналдын аппеляциялык коллегиясы сот Каражич аны бойкоттогон шартта деле улана берери жөнүндөгү мурдагы чечимди колдоду. Радован Каражич даярданууга убактысы жетишсиз болгонун жүйөө кылып, буга чейин соттун айрым отурумдарына баруудан баш тарткан. Ага 1992-95 жылдары Босниядагы согуш учурунда адамзатка каршы кылмыш жасаган, геноцид жүргүзгөн деген айып коюлган. Каражич күнөөсүн моюнуна алган эмес. Соттун кийинки отуруму 13-апрелге белгиленген.

XS
SM
MD
LG