Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:46

Грузия Орусиянын Түштүк Осетия боюнча планына каршы


Грузин тышкы иштер министрлиги Интернеттеги сайтына койгон билдирүүгө караганда, алар Орусия тараптын Түштүк Осетиянын эки районунун аймагында тик учак токтоочу жай куруу планына каршы. Мындай жайды куруу үчүн тендер орус өкмөтү тарабынан жарыяланган. Грузин тышкы иштер министрлиги орус тараптын чечимин айыптады жана Орусиянын Түштүк Осетияда аскерий кубатын чыңдоосу Европадагы кадимки күчтөр жөнүндөгү келишимди бузууга алып барышы мүмкүн экенин белгиледи. Билдирүүдө ошондой эле Грузиянын аба мейкиндигинде тик учактардын көзөмөлсүз жүрүшү жарандык авиациянын коопсуздугуна да коркунуч туудурары айтылган. Орусия Түштүк Осетияны 2008-жылы августа Грузия менен болгон кыска согуштан кийин көз карандысыз өлкө катары тааныган. Грузия болсо аны өзүнүн жикчил аймагы катары эсептейт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG