Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:29

"Ал-Жазира" Сараеводо регионалдык борборун түзөт


"Ал-Жазира" телеканалы Сараеводогу жергиликтүү теле жана радиостанцияны шаар бийлигинен сатып алып, регионалдык бюросун түзмөкчү. Бул тууралуу Босниянын баш калаасынын мэри билдирди. "Азаттыктын" Балкан редакциясы Алия Бехменге шилтеме жасап кабарлаганына караганда, Катарда жайгашкан "Ал-Жазира" карыздарга баткан "Студио 99" компаниясын сатып алууну көздөөдө. Босниядагы согуш башталган учурда, 1992-жылы түзүлгөн компания толеранттуулук жана көп маданияттуулук идеяларын жайылткандыгы менен белгилүү.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG