Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:48

АКШ президенти кытай лидери менен иран маселесин талкуулады


Ху Цзинтао менен телефон аркылуу бир сааттай сүйлөшүп, Барак Обама аны Иранды эл аралык милдеттенмесин аткарганга мажбур кылуу үчүн эки өлкөнүн күч-аракетин бириктирүүгө чакырды. Тараптар өз ара мамилелерди өнүктүрүү маселелерин да сөз кылышты. Мунун алдында Кытай Иранга байланыштуу жаңы санкциялар маселесин Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинде талкуулоого катышканга макул болгон эле. Цзинтао апрелде Вашингтондо болот жана атом куралдарын таркатпоо маселеси боюнча эл аралык саммитке катышат.

XS
SM
MD
LG