Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:09

Оппозиция Пан Ги Мунга кайрылуу жолдоду


Анда Кыргызстандагы адам укугунун начарлаганы, сөз эркиндигинин басмырланышы, бийликтин авторитардык режимди биротоло орноткону тууралуу айтылат. Кайрылуу бүгүн жарандык коом менен оппозиция өткөргөн жыйындын соңунда кабыл алынды. Мындан тышкары жыйындын катышуучулары бир нече басылмалардын сот аркылуу жабылышы, “СтанТВ” телеканалынын ишмердүүлүгүнө каржы полициясы тарабынан бут тосуулар болуп жатканы тууралуу да жалпы кыргыз коомчулугуна кайрылуу жолдошту.
Өткөн жумада Биринчи май райондук соту “Назар” жана “Ачык саясат” басылмаларын чыгарууга убактылуу тыюу салган. 31-мартта Октябрь райондук соту “Форум” басылмасынын ишмердүүлүгүнө убактылуу тыюу салды. 1-апрелде каржы министрлиги “салык төлөбөгөн” жана “лицензияланбаган программаларды иштеткен” деген айып менен “СтанТВ” телекомпаниясынын компьютерлерин камакка алган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG