Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:20

Таш-Көмүр шаарында хизбутчу кармалды


Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы облустун Таш-Көмүр шаарында “ Хизб- ут - тахрир” партиясынын мүчөсү кармалганын билдирди. Жашыруун уюмдун бул өкүлүнөн кечээ диний кастыкка чакырган адабияттар алынган. Жыл башынан бери аталган партиянын 13 мүчөсү колго түшүп, алардын экөөсү кармалган маалда качып кеткен. Облустук ички иштер башкармасы ишмердиги тыюу салынган партиянын калган 11 өкүлүнүн иши сотко жиберилгенин маалымдады. Партиянын төрт ай камакта отуруп, атын атабоону суранган өкүлү айыбы далилденбесе да он жылга соттолуп, башка жакка кетпөө талабы менен бошотулгандыгын билдирди. Ал “ Хизб- ут - тахрир” партиясына мүчө болгону үчүн соттолгонун адам укугун бузгандык деп баалады. (YA)

XS
SM
MD
LG