Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:28

“АУБ-Агро” 1-апрелге карай өлкө боюнча 55 млн. 437 миң сомдук насыя берди. Бул насыя жалпысынан 657 кишиге берилип, көлөмү 20 миң сомдон 70 миң сомго чейин болду. Өнүктүрүү фонду ошондой эле “Агроазыктүлүккорпорация” менен биргеликте дурус баада дыйкандардан төө буурчак, күн карама жана пахтанын түшүмүн сатып алууну пландаштырып жатат.

2010-жылдын февраль айынан тартып Өнүктүрүү фонду айыл чарбаны, мал чарба тармагын колдоо максатында “АУБ-агромикрокомпаниясын” түзгөн. Анын негизги максаттарынын бири - өлкөнүн ички рыногун азык-түлүк продуктулары менен камсыз кылуу. Мындан сырткары жергиликтүү дыйкандарга колдоо көрсөтүү үчүн күрөөсү жок насыя берип, жыйын-терим убагында алардын түшүмүн сатып алат. Өнүктүрүү фондунун финансы директору Рифат Утюшев сатылып алынган продуктулар чет өлкөгө, көбүнесе Европа өлкөлөрүнө экспорттолорун белгиледи.

- Биз ички рынокту камсыз кылабыз. Андан сырткары экспорттоо операциясын жасайбыз. Булардын бардыгына Өнүктүрүү фондунун көзөмөлүндө жүргүзүлөт. Ал эми айыл-чарба продуктуларын сатып алуу түшүм бышкан убакта, август-сентябрь айларында башталат, - дейт Р.Утюшев.

Микрокредиттөөчү компаниянын башчыларынын айтмында, насыялар үч түрдө берилип жатат. Ылдам кароо насыялары 120 миң сомго чейин максималдуу түрдө жөнөкөйлөтүлгөн шарт жана 23 % менен берилсе, ”Универсал” деп аталган экинчи насыяны 121 миң сомдон 700 миң сомго чейин 22 % менен алат. Кредит дыйканчылыкты жана мал чарбачылыгын өнүктүрүү үчүн берилет.

Ал эми “Максималдуу өнүгүү” деп аталган үчүнчү түрү боюнча 700 миң сомдон жогорку кредиттер берилип, ал 21% менен каралууда. Экинчи, үчүнчү жолу кредит алганда берилген акча көбөйтүлүп, үстөк пайызы эки пайызга азайтылып турмакчы. Насыялардын төлөө мөөнөтү төрт айдан эки жылга чейин.

Ошондой эле ушул тапта экспорт үчүн төө буурчак, пахта, күнкарама продуктулары тандалып алынган. Агро азык-түлүк корпорациянын башкы директорунун орун басары Алмаз Касымбековдун айтымында, экспорттолчу товарлар дыйкандарга ыңгайлуу баада сатылып алынат. Ошондой эле товарлардын түрү суроо-тлапка ылайык мындан көбөйүшү ыктымал.

- Сатып алуу процессинде биз албетте биз дыйкандарга алар дагы чыгым болгон каражаттарын кайтарып алганга мүмкүнчүлүк түзгөндөй кылып ылайыктуу, оптималдуу бааны койгонго аракет кылабыз. Көргөзүлгөн үч продукция менен токтолбойбуз. Эң негизги максатыбыз биздин продукцияларды экспортко чыгаруу. Эгер күзгө чейин биздин башка аймактагы азык-түлүктөрдү сатып алуучу компаниялар болсо аларды да сатып алганга шарттарды түзөбүз.

Компания өкүлдөрүнүн ырасташынча, акчаны алуу үчүн көп деле документ талап кылынбайт. Дыйкандар үчүн туугандардын же үчүнчү бир кишинин кепилдиги, паспорт, үй-бүлө жана жашаган жери тууралуу айыл өкмөттөн маалыматталап кылынат. Арыздар насыянын суммасына карап 5 күндөн 24 күнгө чейинки аралыкта каралат.

Ал эми “Нурбер” кооперативти жетектеген Нуржан Рыспаева 23 % дыйкандар үчүн абдан жогору экенин белгилейт. Аталган кооперативдин алдында 37 дыйкан иштейт. Бирок алардын муну төлөөгө мүмкүнчүлүгү жок.

- Албетте бул абдан чоң эле пайыз. Азыр бардыгы кымбат, күйүүчү, майлоочу май кымбат, буудай кымбат. Айла жок насыя алыш керек, жер иштетиш керек. Жок дегенде 15 % болсо деле болмок. Ал эми сапаттуу продукцияны өндүрүш үчүн өзүнүн технологиясы менен баарын сактап жасаш керек. Техника да жокко эсе. Тракторду колдонгон үчүн наркы абдан кымбат. Бир гектар жерди айдап, малалап, сепкениң 5 миң сом болот. Өндүргөн продукция ошончо акчага өтпөй жатпайбы. Анан чыгашаны жаппаса, банкрот деген ошол...

Экономика илимдеринин доктору, Өнүктүрүү фондунун байкоочусу Жумакадыр Акенеев дыйканчылык, айыл-чарбаны ушинтип көтөрүү жөрөлгөсүн колдогон менен пайыздык көрсөткүчтөрдүн жогору экенин ырастады. Ал насыя берүү системасын өзгөртүү зарыл деген пикирде.

- Төрт ай мөөнөт менен берилип жатыптыр. Бул өтө кыска мөөнөт. Бул насыялар кайра кайтарылбай калышы да мүмкүн. Ошондуктан күрөөгө бир нерсе коюп жана пайызды сөзсүз ылдыйлатыш керек, жок дегенде 12-13% менен берилиши керек. Дыйкандарга башка эч ким бербейт ошондуктан айла жок алып жатат. Чет мамлекеттерде 10 % менен да албайт. Алардын эң бийик дегени 6-8 % түзөт.

Р.Утюшев 23 % бул эң төмөнкү көрсөткүч экенин, башка банктар 30 % жогору берип жатканын белгиледи. Мындан сырткары Өнүктүрүү фонду коммерциялык банктар менен бирге 12-13 % менен да насыя берүүнү караштырып жатат. Бирок ал ири бизнес программаларга, узак убакытка, 5-8 жылга берилмекчи.

Ошондой эле учурда түштүк аймакка Агроазык-түлүк корпорациясынын филиалын ачуу пландалып жатат. Ал эми сатып алуу процеси башталаар алдында дыйкандарга маалымат берилет жана сатып алуу пунктары ачылат. Дыйкандар болсо Агроазык-түлүк корпорациясы түшүмдү сатып ала турган болсо, эмитен баасын белгилеп берсе деген тилектерин билдирип жатышат.
XS
SM
MD
LG