Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:54

Ынтымак курултайы резолюциясын жарыялады


Анда курултайдын делегаттары президент К. Бакиевдин өлкөнү жаңылоо боюнча күч-аракеттерин колдоого чакырып, мамлекеттик маанилүү маселелерди чечүүгө жана ишке ашырууга Кыргызстан элинин кеңири катышуусу башкы багыт болуп эсептелүүсүн , өлкөнүн бүтүндүгүн сактоо үчүн улуттар жана диний аралык араздашууларга, уруучулдук жана аймактык бөлүнүүлөргө жол бербөөгө чакырган. Ошондой эле анда бийлик өкүлдөрү, саясый партиялардын, коомдук жана бейөкмөт уюмдардын лидерлери саясый амбицияларынан өйдө туруп, улуттук кызыкчылыкты көздөгөн диалогго чакырылган. Резолюциянын бир пунктунда Балыкчы жана Петровка окуяларына тиешеси бар деп камалгандар менен генерал Исмаил Исаковго ырайым же мунапыс берүү маселесин тиешелүү органдар тез арада карап, коомчулукка билдирүүсү айтылган.
Мындан тышкары “Манас” үчилтигин ЮНЕСКОго сунуштоо, кыргыз тилинин коомдук-саясий турмушта негизги байланыш каражаты катары колдонуу аракеттери күчөтүлүүсү, сыртта жүргөн кыргызстандыктардын укуктарын корголушуна жана алардын мекенине кайтуусуна камкордук көрүлүүсү, сот системасы менен укук коргоо органдарын реформалоо тездетилүүсү талап кылынган.
Курултайдын делегаттары Ынтымак курултайын улуттук саясат жана тагдыр чечерлик маселелер боюнча сунуштарды иштеп чыгуучу көз карандысыз Элдик жыйынга айлантуу идеясын колдошорун билдиришкен.

БЭК баштаган оппозиция жана айрым бейөкмөт уюмдар Ынтымак курултайын эч кандай маселе чечпеген, салык төлөөчүлөрдүн эсебинен өткөрүлгөн, катардагы бир көнүмүш жыйын деп баалоодо.(ZKo)

XS
SM
MD
LG