Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:38

“Стан-ТВ”: "Буйрук болгон деп түшүнөбүз"


"Стан-ТВнын" Бишкек кеңсеси, 1-апрель, 2010
"Стан-ТВнын" Бишкек кеңсеси, 1-апрель, 2010

1-апрелде “Стан-ТВ” медиа компаниясынын Бишкектеги кеңсесиндеги компьютерлерди Кыргызстандын каржы полициясы камакка алган. 2-апрелде өткөн маалымат жыйынында аталган медиа ишкананын жетекчилери мындай чечимди бийликтин атайын буйругу деп баалашты. Ал эми Каржы полициясы бул ишканага расмий каттоосуз Казакстандан 200 миң АКШ долларын алып келген жана кеңседеги компьютерлер уурдалган программалар менен жабдылган деген күнөө коюуда.

1-апрелде Каржы полициясынын күтүлбөгөн өкүлү Алмаз Манжуров “Стан-ТВ” медиа порталынын Бишкектеги кеңсесине кирип келип, он алты үстөлдүн үстүнө коюлчу жана алты көтөрүп жүрмө компьютерди бир бөлмөгө камап, мөөрүн басып кеткен.

2-апрелде болгон маалымат жыйынында “Стан-ТВ” видеопорталынын башкы редактору Кирил Степанюк Каржы полициясынын мындай чечимин бийликтин атайын буйругу болушу мүмкүн деди:

- Жергиликтүү сыналгы компаниялары кандай иштейт, алардын материалдары менен бизден чыккан материалдар бири-биринен кескин айырмаланат. Өткөндөгү көптөгөн адамдар катышкан оппозициянын митигин, Нарындагы иш-чаранын иш жүзүндө кандай болгондугун толук тейден, Алай районунда И.Исаковдун коргоочуларынын аракеттери кандай болсо дал ошондой чагылдырганбыз. Өлкөнүн башка тарабында бул тууралуу эч ким эч нерсе билген эмес. Биз бул жерде кандайдыр бир буйрук болгон деп түшүнөбүз.

“Стан-ТВ” видеопорталынын башкы директору Илья Сивохин компаниянын Бишкек кеңсесиндеги иш толугу менен токтогондугун айтты. Бирок журналисттер колдо болгон мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып, жаңылыктарды, окуяларды чагылдырууну токтотпоонун аракетин көрүп жатышкандыгын белгиледи.

Кыргызстандын Акыйкатчысы Турсунбек Акун “Стан-ТВ” компаниясынын иш кеңсесиндеги окуядан кийин Кыргызстандын Каржы полиция кызматынын төрагасы Муйбиллаев Акимжан менен байланышкандыгын “Азаттыкка” төмөнкүчө билдирди:

- Мен А. Муйбиллаевден эч бир тараптан атайын буйрук түшкөн жокпу деп сурадым. Ал болсо: “Жок. Биз эч кандай андай саясий талаптарды аткарбайбыз”, деп билдирди. Бирок менин пикиримде, “Стан-ТВ” саясатка кийлигишпей, агын- ак, көгүн-көк деп, бир жактуу эмес маалымат тараткан телевидение эле. Ал эми ушундай кандайдыр бир себептер менен текшерүү фактысы, айрыкча БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун келатканда Кыргызстандын аброюна абдан чоң тескери таасирин тийгизет.

Бул арада “Стан-ТВнын” кеңсесинде болгон окуя тууралуу маалыматы барлар – расмий бийликтин өлкөдөгү сөз эркиндигине карата чабуулунун кезектеги далили катары баа берүүдө. Жергиликтүү журналист Гүлзада Медералиева “Стан-ТВ” медиа порталынын техникалык каржаттарынын камаккка алынышын аталган компаниянын расмий бийликке “жакпай калгандыгы” менен байланыштырды:

- "Стан-ТВ" бейтарап маалымат бергендиги үчүн бийликке ыңгайсыз болуп калды. Мисалы радиодон “Азаттык”, БиБиСиден бейтарап маалымат алсак, телевидениеден “Стан-ТВден" башкасынын бирөөсүнөн дагы бейтарап информация алганга болбойт.

Атайын адистердин айтымында, Кыргызстанда 90 % компьютерлер уурдалган ыкчам эсептөө системасы жана колдонмо программалар менен жабдылган. “Кыргызстанга уурдалган компьютердик-программалык жабдыктарды ташыганды көзөмөлгө алуу - бул мамлекеттин түздөн-түз милдети”, деп билдирди “Ак шумкар” партиясынын жетекчиси Темир Сариев.

“Стан-ТВ” пост-советтик Борбор Азияда ыкчам видео маалымат тараткан интернет медиапортал болуп саналат, Кыргызстандагы бөлүгү “Стан-Kg” деп аталып, өлкө боюнча үч жерде иш кеңсеси бар. Соңку маалыматка ылайык, бул интернет видеопорталга баш баккандардын саны Кыргызстандын ичинде эле күнүгө беш миңге чукулдайт.



“Стан-ТВ” компаниясын Каржы полициясы басты
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:53 0:00
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG