Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:33

Улуттук олимпиада комитетинин президенти шайланды


Бүгүн Улуттук олимпиада комитетинин конгресси өттү. Анда комитеттин жылдык отчету угулуп, анын жетекчилигине кайрадан Мурат Саралинов шайланды. Экинчи вице-президенттикке Дене тарбия жана спорт агенттигинин директорунун орун басары Кубанычбек Конгантиев, дагы бир вице-президенти болуп Шаршен Касенов шайланышты. Конгерсске 45 федерациянын президенттери катышып, 9 киши аткаруу комитетине мүчө болду. Ага башкы катчы болуп Канат Аманкулов шайланды. Ошондой эле конгрессте Азия жана Лондон олимпиадасына даярдыктар тууралуу маселе каралды. (КЕ)

XS
SM
MD
LG