Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:11

Пан Ги Мун Курманбек Бакиев менен сөз эркиндиги тууралуу сүйлөштү


Бул тууралуу БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун премьер-министр Данияр Үсөнов менен жолугушуп чыккандан кийин журналисттерге билдирди. Анын айтымында, президент Курманбек Бакиев менен жалпы ММК жана сөз эркиндиги, азыркы абал туурасында сүйлөшүп, ушул маселелерге көңүл буруусун президенттен өттүнгөн. Ошондой эле өкмөттүн суу, жер жана жаратылыш боюнча стратегиясынын бет ачарына күбө болгон баш катчы Борбор Азиядагы ар бир өлкөнүн кызыкчылыгына жараша бул иш карала тургандыгын айткан. “Азыр эч нерсе айта албайм. Суу - бул ресурс жана товар”, - дейт Пан Ги Мун. (КЕ)

Улуттар Уюмунун Баш катчысы Пан Ги Мун Кыргызстандагы көз карандысыз маалымат булактарын куугунтуктоолорго “кабатыр экенин” билдирди. Ройтер агенттиги БУУнун атын атабаган өкүлүнө шилтеп, Пан Ги Мун өз тынчсыздануусун Тышкы иштер министри Кадырбек Сарыбаев менен кездешүүдө айтканын кабарлады. (AU)

XS
SM
MD
LG